Столяров Николай Георгиевичz
Столяров Николай Георгиевич - советтик аскер учкучу, эки жолу Советтик Союздун Баатыры (1944, 1945), подполковник (1953).
- 1944-жылдан КПСС мүчөсү.
- 1941-ж. апрелден Советтик Армияда.
- Свердлов аскер авиация мектебин (1941) бүткөн.
- Улуу Ата Мек. согушта (1941-45) учкучтан эскадрильянын командирлигине чейин жеткен.
- Калинин, Воронеж, Талаа, 2- жана 1-Украин фронтторунда салгылашып, 180ден ашык согуштук учуш жасаган.
- Согуштан кийин штурмандардын жогорку офицердик Полтава мектебин (1946) жана Аскер-Аба академиясын (1954) буткон.
- Авиаполктун штурманы жана анын командирине орун басар.
- 1956- жылдан запаста.
- Ленин ордени, 2 Кызыл Туу, 1 жана 2-дараж. Ата Мекендик Согуш, Александр Невский ордендери менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.